19 июль 2024
Кароолор: 23
АЛА-БУКА РАЙОНУНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими болуп Руслан Айтбаев дайындалды. Бул тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Жаңы жетекчини район активине Жалал-Абад облусунун куратору Улан Маматканов тааныштырды.
Куратор Ала-Бука району облустагы ири аймактардын бири экенин айтып, анда аткарылуучу жумуштар да арбын экендигинбелгиледи. Ошондой эле, коюлган тапшырмаларды так аткаруу менен райондун өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.
Буга чейин Ала-Бука районун Кайырбек Чаргынбаев жетектеп келген.