29 декабрь 2024
Кароолор: 85
АРСТАНАЛЫ ОСМОНБЕКОВ ЖӨНҮНДӨ КИТЕП ЧЫКТЫ

Арстаналы Осмонбековдун
140 жылдыгына карата
Жаңырган 2025-жылы алгачкы кыргыз полковдеци, 4-Ыктыярдуу Кыргыз кызыл атчандар дивизионун уюштуруучусу жана командири, Аксынын Акжол-Тегене айлынан чыккан алгачкы кыргыз полководеци, М. В. Фрунзенин үзөңгүлөшү, Ак-Суу айлында жетим балдар үчүн алгачкы мектеп-интернатын салдырган өз доорунун көрүнүктүү мамлекеттик жана аскерий ишмери Арстаналы Осмонбековдун туулганына 140 жыл болот.
Аксынын Ак-Суу айлында өзү салдырган ошол мектеп азыр А. Осмонбековдун ысмын алып жүрөт. Таш-Көмүр шаарынын микро районундагы бир чоң көчө Арстаналы Осмонбековдун атында. Китептин автору коопсуздук кызматынын ветераны Мазалбек Кабаев.