23 апрель 2024
Кароолор: 19
АЗИЯНЫН ЧЕМПИОНУ АКСЫНЫН СЫЙМЫГЫ

Кечээ Аксы районунун борбору Кербен шаарынын калкы Азия чемпионун тосуп алды. Ош шаарында Кыргызстан, Өзбекстан, Таджикстан жана Россия мамлекеттер ортосунда спорттун "ГРЕПЛИНГ" түрү боюнча өткөн эл аралык Азия чемпионатында Кербен шаарынын тургуну Кайкиев Темирлан алтын курдун ээси болду.
Кербен шаарынын тургундары жаш спортчу Темирлан Кайкиевди жылуу маанай менен тосуп алышты. Тосуп алуу иш-чарасы Кербен шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.
Кербен шаарынын мэри Эрнист Зияйдинов, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин биринчи орун басары Бердалы Мырзагулов, райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасы Абдыкайым Өмүрбеков куттуктоо сөздөрүн айтып, мэрия тарабынан үй-бүлөсүнө "ЫРААЗЫЧЫЛЫК БАРАКЧАСЫ" жана спортчуга "АРДАК ГРАМОТА" тапшырылды.
Кербен шаарынын мэриясы тарабынан жаш спортчуларга ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп келет.