27 июль 2024
Кароолор: 21
БААРДЫК ИШ КАЛК ҮЧҮН КАМКОРДУК

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация сынын башчысы - аким Руслан Айтбаев менен Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -Замирбек Сыдыков, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы А.У Азимов жана Аксы районунан келген соодагерлер болуп, Чолок-Тума айылынын Соломо участкасындагы "Мурас" базарынын иштешин жана кийим кече сатуучуларга түзүлгөн шарттарын жеринде көрүп, танышты.
Иш чаранын жүрүшүндө аталган базардын администрациясына келген соодагерлерге бардык шарттарды түзүү тапшырмасы берилди.
2024-жылдын 21-июлунан тартып Чолок-Тума айылынын Соломо участкасындагы "Мурас" базары заман талабына ылайык бардык шарты менен жаңы курулуп, мал сатуу - сатып алуу, кийим-кече, мөмө-жемиш, турмуш-тиричилик үчүн бардык керектөөлөрдү сатуу жана сатып алуучулар үчүн толук шарты түзүлүп иштеп жатат!
Ошондай эле Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -Замирбек Сыдыков Ала-Бука районунун акимин жаңы кызмат орду менен куттуктап ийгиликтерди каалады.