24 апрель 2024

Кароолор: 16

БААРЫНАН КЫМБАТ ДЕН СООЛУК

 Аксы районундагы  Кара-Камыш  айыл аймагына караштуу Кара-Суудагы №8- үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери  сел алган аймактарда болушуп, селден жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн 16 тургундарынын ден соолугун көзөмөлдөн өткөрүшуп, аларга кеп кеңештерин беришип, өтө муктаждарын дарылап, дары дармектерин берип кайтышты. Мындай кароодон Кош-Дөбө айыл аймагынын Мундуз айылындагы 5 үй-бүлөнүн тургундарын Кош-Дөбө айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун фельдшери С. Кожоназарова жетектеген дарыгерлери кароодон өткөрүп , кеп кеңештерин берип кайтышты. Адам үчүн эң башкысы ден соолук эмеспи, дарыгерлерге айыл эли ыраазычылыктарын билдиришти.