28 май 2024
Кароолор: 17
БААТЫР ЭНЕЛЕРИБИЗ БАР БОЛСУН!

Президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык Аксы районунан 10 көп балалуу энелер “Баатыр эне” орденине татыктуу болсо, Жолборсту айылынын тургуну Гүлбара Абдираимова “Эне даңкы” медалы менен сыйланды.
“Баатыр эне” орденин алгандардын катарында Үч-Коргон айыл аймагынан Каныкей Асанбекова, Насикат Боталиева, Жумагүл Кайкыева, Ак-Жол айыл аймагынан Гүлбара Эшенкулова, Ныязбү Мырзабекова, Айзат Айдаралиева, Кербен шаар мэриясынан Мариякан Кийизалиева, Сары-Челек айыл аймагынан Аксана Тазабекова, Назира Токтоназарова, Ак-Суу айыл аймагынан Марапат Жолчубекова “Баатыр эне” ордени менен сыйланышты.
Биз баатыр энелерди бул жогорку даражалуу сыйлыктары менен алдыда келе жаткан энеликти жана балалыкты коргоо күнү майрамдары менен чын дилден куттуктайбыз. Ден соолукта болуп, уул кыздардын урмат-сыйын көрүп, аман болуңуздар. Саныбыз өссүн, кемибесин.