13 август 2024

Кароолор: 14

БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ АКСЫ РАЙОНУНУН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

               Бакыт Төрөбаев Аксы  районунун тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту 

 

Бүгүн, 13-августта, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Жалал-Абад облусунун тургундары менен жолугушуусуАксы  районунда уланды.

 

Ага Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов, Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, район акими Замирбек Сыдыков, тармактык министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Аксы районунун 400гө чукул тургундары  катышып,  аймактагы бир катар көйгөйлөрдү айтышып, жеке укуктук маселелери боюнча кайрылышты. Алгач Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков, мурдагы жолугушууда айтылган маселелрдин аткарылышы тууралуу баяндама жасады. Андан соң суроо жоопторго өтүштү

 

Жашоочулар айылдардагы таза жана сугат суу көйгөйү, бала бакчага болгон муктаждыктар, турак жай менен камсыздоо, Аксы районунда кайра иштетүу өннөр жайын  өнүктүрүү, ички  жолдордогу инфратүзүмдү  жакшыртуу  сыяктуу маселелерди көтөрүштү. 

 

Бакыт Торобаев жеринде айтылган маселелерди чечүү жолдорун сунушталып, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.