14 октябрь 2024
Кароолор: 28
БАЛДАР ЖЕКЕ МЕНЧИК БАКЧАГА БАРЫШТЫ

Аксы районунун Кербен шаар мэриясына караштуу Кашка-Суу айылынын тургуну Зарипа Туралиева балдарды тарбиялоодо чон тажрыйба ээ. Анткени 11 жыл муниципиалдык балдар бакчасында тарбиячы, балдар бакчасынын башчысы, болуп эмгектенип келген. Эми Зарипа Туралиева жеке менчик балдар бакчасын ачууну максат кылып, бул ишке 100 мин сомдон ашык каражат жумшап, керекту шарттардыүү шарттарды тузуп, “Кенен” жеке менчик балдар бакчасын ачты. Жаңы балдар бакчасына балдарын алып келүүчү ата энелер арбын экендиги белгилүү болду. Учурда 6 бала кабыл алынды. Бул жеке менчик балдар бакчасы 10 балага эсептелген. Балдарды эркин өстүрүү ыкмасы менен тарбияланмакчы. Бакчага 3 жаштан жогорку балдар кабыл алынат. Балдар бакчасынын ачылышына Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков катышып, учурда мындай балдар бакчалары зарыл болуп жаткандыгын белгилеп, Зарипа Туралиевага ыраазычылык билдирип, балдар бакчасынын тасмасын кыркып ачып берди.
Аксы райондук Мамыт Абылкасымов атындагы райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Осмоналы Нурманбетов бакчага методикалык колдоолор боло тургандыгына токтолду. Бакчанын ачылышына райондогу балдарга мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, тарбиячылары келип катышышты. Учурда Аксы району боюнча бала бакчага муктаж. Быйылкы жылда балдарды бакча менен 40 пайызга камсыз кылуу милдети коюлган. Жеке менчик балдар бакчаларын ачууга ар тараптуу колдоолор боло тургандыгын райондун акими билдирди.