12 июнь 2024
Кароолор: 24
БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ КОРГОЛОТ

Аксы районунун мамлекеттик администрациясы, райондук прокуратура, райондук ички иштер бөлүмү, райондук эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция башкармалыгы, райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте 2024-жылдын 17-майында жыйын өткөрүлүп, эмгекке тартылган жашы жете элек балдардын эмгек укуктарын коргоо багытында кеңири сөз болду. Шаардагы коомдук жерлерге (интернет-кафе, интернет-клубдарга, түнкү клубдарга, оюн-зоок борборлорго, коомдук тамактануучу жайларга, алкоголдук ичимдиктерди сатууга арналган башка орун-жайларга, профилактикалык рейддерди үзгүлтүксүз жүргүзүү, эмгекке тартылган балдарды аныктоо менен тийиштүү иштерди алып баруу боюнча тиешелүү мекеме-ишканаларга протоколдук тапшыр малар берилген. Рейддер жүргүзүлуп жатат. Акыбал жакшы деп айтсак болот. Мындай мекемелерде ишке тартылган балдар жок. Рейд учурунда жашы жете элек балдардын эмгек шарты зыяндуу жерлерде иштеп жаткандыгы аныкталбады.