18 сентябрь 2024
Кароолор: 28
БАЛДАРЫБЫЗ ҮЧҮН ЭҢ СОНУН КИТЕП

Жердешибиз, Аксы элинин сыймыгы мыкты композитор-жубайлар, Кыргыз эл артисттери Атайбек Бөдөшов менен Каныкей Эралиеванын жан дүйнөсүнөн балдар үчүн жаралган, нотага түшүрүлгөн "Күн балдары" аттуу обондуу ырлар китеби диски менен кошо жарык көрдү..
Караңызчы, кандай гана чоң ЭМГЕК! Үйдөгү бешиктеги баладан, бала бакча, мектеп окуучулары, ыр-хор ийримдерине да колдонууга арналган эң сонун китеп!
Балдардын балапан жүрөктөрүн ойготуп, ойнотуп, аруулукка, ыймандуулукка, Ата Мекенди сүйүүгө үндөгөн ыр жыйнак китепканаңыздардан орун алса неси жаман, туурабы?... Балдар менен кошо өзүбүз да балалык кезге бир кайтып барабыз: “Арча бешикте” термелип, “Бала жытын” жыттап, ымыркайды “Алдейлейлеп”, “Светофордон” өткөндү үйрөтүп, “Биринчи коңгуроо”, “Акыркы коңгуроону” кагып, “Кыргыз тоосуна” чыгып, “Кыргызстаным”, “Бар болгула!” деп ырдайсыздар!