03 октябрь 2024
Кароолор: 23
БАРДЫК ЖАКШЫ НЕРСЕ- БАЛДАРГА

Кербен шаарынын караштуу Жерге-Тал айылында жаңы бала бакчанын курулушу жана маданият үйүнүн капиталдык ремонт иштери түрткү берүүчү гранттын эсебинен кызуу жүрүп жатат
Кербен шаарынын мэри Эрнист Зияйдинов, вице-мэр Эдилбек Эрмаматов жана тийиштүү адистер менен Жерге-Тал айылындагы жаңы бала бакчанын жана Мухтаров Турсун атындагы маданият үйүнүн ремонт ишин жеринде барып жүрүп жаткан курулуш иштериз көзмөлгө алган. Буйруса бала бакчаны быйыл пайдаланууга берүү аракеттери жүрүп жатат.
Курулуш иштерин архитектуралык талаптарга ылайык жана сапаттуу аткаруу жагын шаар мэри мында иштеп жаткандарга айтып, иштерине ийгилик каалады. Ошону менен бирге эле ар бир иш көзөмөлдө болорун белгиледи.