31 май 2024
Кароолор: 49
БАРПЫ КАНАЛЫ- КАЛККА КЫЗМАТ КЫЛАТ

“Эл турмушу суу менен, элдин көркү туу менен” деген байыркы ата- бабалар. Андыктан илгертеден сууну барктан, булактарды тазалап, сууну аздектеп, сарамжалдуу пайдаланып келген. Аксы районундагы Кербен шаары сууга тансык аймакка кирет, андыктан бул аймакта бир тамчы суунун баасы алтынга тете болуп калчу учрлар бар. Өзгөчө шаардын Курулуш, Жардуу-Колот, Мамай айылдарынын эли сууга жетпей алакандай жерин да иштете албай келишкен. Бул көйгөйдөн чыгууга канча аракеттер болуп келген. Мына эми убакты сааты келип Барпы каналы жаңыланып ишке берилмекчи. Каналдын узундугу 4830 метрди түзсө, анын 1830 метри бетондолот, ал эми 270 метр жери дүкүр болуп түтүк жаткырылат. Ошентип Курулуш, Жардуу Колот, Мамай айылдарынын тургундары суугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз болчу күн алыс эмес. Шаардын мэри Эрнист Зияйдинов бул курулуштан кабар алып, иштин сапатын сурап өз көзөмөлүнө алган.
Каналды оңдоп түзөөгө өкмөттөн 5 миллион 385 миң, ал эми областтык өнүктүрүү фондунан 7 миллион, жана райондук өнүктүрүү фондусунан 3 миллион сом каржат бөлүнүп иш башталды. Канал оңдолуп- түзөлүп бүтсө элдин суугат сууга болгон таңсыгы жоюлат. Иш илгери болсун, демекчибиз.