09 декабрь 2024

Кароолор: 15

БАШКАРЫП БАРАТСАҢ БАШКАГА КӨҢҮЛ БУРБА, ЖОЛДУ КАРА

Кыргыз Республикасынын ИИМинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жер-жерлердеги бөлүктөрүнүн ишмердиги тууралуу элдин пикирин, сунуштарын, кайрылуу жана арыз даттанууларын, жеринен документтештирип, алардын өз убагында аткарылуусун, камсыздоону уюштуруу башкы максат экендиги айтылды. Жыйын Аксы райондун ИИБ бөлүмүнүн  жана жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда   өттү.

              Жолугушууну Жалал-Абад ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянынын полковниги Мирлан Боенов алып барды. Күн тартибиндеги маселе боюнча  Кыргыз Республикасынын ИИМнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Штабынын башчысы ,   Бахрам Сайтходжаев  видеороликтердин коштоосугнда так маалыматтар менен баяндама жасады. 

Аксы районунуда жол кыймылынын коопсузду гунун алдын алуу багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу Аксы РИИБнин начальниги Бектен Бекмуратов, Аксы райондук мамлекеттик адимнистрациясынын башчысы-акими Замирбек Сыдыков, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыйкаым Өмүрбеков, эмгектин ардагери Абаз Абылкасымов, областтык “Акыйкат” газетасынын кабарчысы Абдымомун Калбаев, Кербен шаарынын мэри Эрнист Зияйдинов чыгып сүйлөшүп баалуу сунуштарын, алдыда аткарылуучу иштерди айтышып, ой бөлүштү. Баалуу сунуштар айтылды. Жыйынтыгында райондун акими Замирбек Сыдыков бул багытта алдыда арбын иштер бар экендигин айтып, мындай жолугушуулардын маанилүулүгүнө токтолду.