11 май 2024

Кароолор: 36

БИРИНЧИ КВАРТАЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиясы  болуп, күн тартибине коюлган биринчи кварталдын жыйынтыгы  боюнча акимдин биринчи орун басары Бердалы Мырзагулов баяндама жасады. Баяндамада жазгы талаа иштеринин жүрүшүндө алдыга коюлган  пландалган бардык  иштер аткарылгандыгын белгилеп өттү. Ак-Суу, Үч-Коргон айыл айыл өкмөттөрүндө жергиликтүү бюджеттер аткарылбай толук аткарылбай калганы сынга алынды. Аксыдагы номер 12 жол тейлөө  ишканасы негизги трассаларды  ремонттоо иштериң сапатсыз, жайбаракат жүргүзүп жаткандыгы катуу сынга алынды. Бюджетти да толук аткарбаган. Биринчи кварталда белгиленген иштер аткарылбай калган.  Айрым айыл өкмөттөрдө жергиликтүү бюджеттен бир сом да инвестиция тартылганы өз убагында көрсөтүлбөй калган. Негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир топ иштер аткарылган. Салык 101 пайызга аткарылган. 

    Кооптуу жерде жашагандар 86 үй- бүлө андан 13 үй бүлө быйыл көчүрүлдү. Калган үй бүлөлөр да эскертүүлөр берилип көчүрүү аракеттери жүрүп жатат. 

      Күн тартибинде экинчи маселе боюнча акимдин орун басары Айсалкын Салиева баяндама жасады. Эн сонун шарты менен Жаштар борбору түзүлгөнү менен жаштар менен иштөө солгун болуп жаткандыгы белгиленди. Ошондой эле райондо жол кыймылынын өсүп кеткендигин да белгиленип, бул багыттагы иштерди күчөтүү жагы милдеттендирилди. Коллегиянын күн тартибинде каралган маселелер боюнча тийиштүү токтомдор кабыл алынды.