22 сентябрь 2024

Кароолор: 23

“БИЗ ТЫНЧТЫКТЫ КААЛАЙБЫЗ” ДЕШЕТ БАЛДАР

Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына жана 21 сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тынчтык күнүнө карата Аксы районунудагы Токтьогул Сатылганов атындагы орто мектептин 5-классынын окуучулары “Биз тынчтыкты каалайбыз” аттуу жүрүшкө чыгышты.  Айылдын борбордук көчөсү менен жүргөн жүрүштү участкалык милиция бөлүмүнүн кызматкер лери коопсуздукту камсыз кылышса, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Маматисак Жапаров өзү бул терең маанилүү иш чарага катышып, сөз сүйлоп белгиленип жаткан тынчтык күнү менен жалпы эле элибизди, анын ичинде бул демилгенин катышу учуларын куттуктап, каалоо тилектерин айтып, окуучулар менен сүрөткө түшүп өзүнүн тилектештигин билдирди. Балдар Тынчтык ырын ырдашып, тынчтык тууралуу ырларды көркөм окушуп, Тынчтык күнүн белгилешти. Мындай маанилүү жүрүш башка окуучулардын да бүйүрүн кызытып, маршка аралашып кетишти.