03 декабрь 2025
Кароолор: 12
Бобаназаров Ырысбек Сулайманович Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына дайындалды

Аксы районунун акими - Максатбек Саргазаков кол койгон тескемеге ылайык Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунун, 53-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Саясий мамлекеттик кызматорундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө” ПЖ №175 жарлыгынын негизинде Бобаназаров Ырысбек Сулайманович Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына дайындалды.
2025-жылдын 3-декабрь күнү Аксы районунун акими - Максатбек Саргазаков Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Бобаназаров Ырысбек Сулаймановичти актив менен тааныштырып, жаңы дайындалган жетекчиге ийгиликтерди каалоо менен бирге бир нече тапшырмаларды тез арада аткарууну тапшырды.