17 декабрь 2024

Кароолор: 19

БӨБӨКТӨР ӨЗ БАКЧАСЫН КАЙТАРЫП АЛЫШТЫ

            Аксы районундагы Кызыл Туу айылында мурда 6 бөлмөлүү, бардык шарты менен балдар бакчасы болгон. Бирок, оомал-төкмө заманда бул балдар бакчасы да карыздан кутулуу үчүн аргазы жоктон сатылып кетип, ал кездеги мотурайган жаш бөбөктөр жайсыз калышып, ата энелеринин жонунан түшпөй калышкан эле. Эми заман оңолгондо эски бакчанын имаратын 4 

 миллионго 549 миң сомго 30 сотых жери менен кайрадан сатып алышып, райондук өнүктүрүү фондусунан 1 миллион, ал эми областтык өнүктүрүү фондусунан 7 миллион каражат каралып кайрандан капиталдык ремонттон чыгарылып, 100 орундуу жаңы бакча бүгүн эшигин ачты.