15 июнь 2024

Кароолор: 20

БОРБОРДУК СТАДИОН ЖАҢЫЛАНАТ

Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Түштүккө иш сапарынын алкагында Аксы районундагы Кербен шаарынын инфраструктурасы менен таанышып, шаардын борбордук стадионунда болду. Жаңы заманбап курула турган стадиондун долбоорун көрүп чыкты. Даярдалып жаткандолбоор  боюнча Кербен шаарынын мэри Эрнист Зияйдинов кенири маалымат берди. Жаңы курула турган 85 миллион сомдук курулуштун сметалык-долбоорлору бүтүп калды, жакында курулушка тендер жарылана турганын билдирди мэр. Төрага кандай болгон күндө да, сапаттуу, заманбап болуп курулушун, жана ноябрь айында пайдаланууга тапшырылышын талап кылды. Курула турган стадион бардык шарттары менен атап айтканда ысык суу, музак суусу,   сантүйүндөрү, спортсмендер үчүн кийинип, чайынып алуучу душтары менен курула турган болду. Андан соң Кербен шаарынынын кире беришине курула турган арканынын, ошондойл эле шаардын борбордук бөлүгүндөгү саркынды суулар чыгарыла турган канализацияны жана саркынды суу тазалануучу түйүнүнүн жайларын көрүп чыкты.  Бул курулуштарды сапаттуу куруу менен көп жылдарга иштей турган кылып бүтөрүүнү  тапшырды.