14 март 2024
Кароолор: 37
Бүгүн 2024-жылдын 14-мартында Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагында Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким З.Сыдыковдун эл менен жолугушуусу болуп өттү.

Кош-Дөбө айыл аймагындагы жолугушууга аймактын активи, жергиликтүү кеңештин депутаттары, коомдук уюмдар, (аксакалдар, жаштар, аялдар кенештери) жергиликтүү тургундар катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү маанидеги маселелер көтөрүлүп, айрыкча ичүүчү жана сугат суу, жол, айыл чарба үрөөнчүлүк, жазгы талаа иштери айтылды. Тургундар берилген суроолоруна жоопторун алышты