25 август 2024

Кароолор: 11

ЧЕБЕРДИН УЗДУГУН ДАҢАЗАЛАШТЫ

Аксы районундагы Ак-Суу айылындагы кыз келиндер уз-чеберчиликтери менен далайга даңкы чыгып келишет. Бул аймакта курак, кыргыздын улуттук кийимдерин, шырдак, туш кийиздерди жасоо боюнча мыкты уздардын жасаган буюмдары райондук, областтык, республикалык көргөзмо жарменкелерде мыкты орундарды алып келишет. Өзгөчө кыргыздын боз үйүн жасалгалоодо да мыкты уздардын бар экендиги кубандырат. Жакында  Ак-Суу айыл аймагынын маданият кызматкерлери, Ак-Суу айыл аймагына караштуу Коргон -Добо айылында, көптөгөн маданий иш чаралардын активдүү катышуучусу ууз чебер Чыналиева Айнаш айымдын колунан жаралган эмгектери менен таанышып, ошондой  эле улуттубуздун жүзү болгон, нарк насил каада салтыбызды муундардан муундарга эч өзгөрүүсүз   көрсөтүп жаштарга өткөрүү максатында "Ак элечек апалар"менен "Улуттун улуулугун даңктаган,каада салтын сактаган апалар" аттуу иш чара уюштурулуп өткөрүлдү. Бул иш чара жаш кыз-келиндерге чон сабак, тажрыйба алмашуу болду деп айтууга негиз түздү.