26 октябрь 2024
Кароолор: 16
ДАРЫГЕРДИН ЫСМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Аксы районунун Сары -Челек айыл аймагынына караштуу Авлетим айылында Жүнүсбай Айтмырзаев көп жылдар бою дарыгер болуп элге эмгек кылып келген. Көзү өтсө да айылдаштары Жүнүсбай Айтмырзаевдын элге кылган эмгегин унутбай айылдагы номер 6-үй бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнө ысмын ыйгарып, ачылуу салтанаты болуп өттү. Салтанатта айыл өкмөттүн орун басары Анарбек Осмоналиев өмүр баяны менен тааныштырып, элге кылган кызматын айтып өттү. Ош шаарындагы борборлоштурулган областтык ооруканада, райондук борборлоштурулган ооруканада, Кызыл-Туу айылын дагы ооруканада врач стоматолог болуп иштеген. Кайсыл жерде иштесе да коомдук иштерге да активдүү катышып келген. Өмүрүнүн көп жылдарын өз айылында элине эмгек кылган. Ата жолун улап эки уулу дарыгерлик кесипти аркалап келишет. Бул тууралуу айылдын ардагерлер кеңешинин төрагасы Апсалам Жумабеков, тууганы Базарбай Айтмырзаев, Авлетим айыл аймагынын мурдагы өкмөт башчысы Нурмырза Абдыраманов, Капчыгай айылынын келген кайниси Жумабек Изабеков, Авлетим айылдык ооруканасынын башкы дарыгери Жалилбек Ажыбаев, айылдашы Раман Карчыгаев, кесиптеши Жамийла Жусуева, классташы Мамаш Кадыров айтып өтүштү.
Салтанатты Сары - Челек айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Айткулов алып барды жана дарыгердин эмгектеги ийгиликтерин кеңири сөз кылып, үй -бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн жамаатына ийгиликтерди каалады.