05 июль 2024

Кароолор: 25

ДАРЫЯ ЖЭЭКТЕРИ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ

Быйылкы жылдын жаз, жайларынын жаанчыл келиши Аксы районунун айыл кыштактарына бир топ эле түйшүк жаратты. Учурда Сары-Челек айыл аймагынын Товар-Сай, Итагар айылдарында   дарыянын жээктерин бекемдөө иштери кызуу жүрүүдө. Өзгчө Кырдаалдар Министрлигинен 300 метр габион бөлүнүп берилип анын 75 метри Товар-Сай айлынылдагы Авлетим дарыясынын сел бузуп кетүүгө жээктери, ал эми 225 метри Итагар дарыясынын сел бузуп кетүугө кооптуу жерлери бекемделүудө. Бул ишти айылдын тургундары өздөрү аткарышып, бекемдеп жатышат. Андан сырткары айыл аймактын Кызыл-Туу, Товар-Сай, Жылгын айылдарын да сел бузуп, ылай каптап, шаагал каптап калган жерлерди тазаланып, көпүрөлөр оңдолуп  элге жакындан жардам берилүүдө. Бул ищштерди атыкарууда Сары-Челек айыл аймагынын жетекчи адисттери, ӨКМ Аксыдагы бөлүмүнүн адисттери күнү –түнү тынбай иштешип жатканына эл ырааы.