30 май 2024
Кароолор: 11
ДЕН СООЛУК ЗАЛЫ АЧЫЛДЫ

Аксы районундагы Кашка-Суу айылы жаратылышы кооз, керемет жер экенин бибегендер аз. Элде мындай кооз жерде эл оорубаш керек дешет. Айылдын жаштары бул айтымды сөз менен эмес иш менен бекемдешти., Кашка Суу айыл жаштар кеңешинин төрагасы Надырбек Адылбеков демилгеси менен элеттик элибиздин эртени болгон жаштарга, дегеле спорт сүйгөн, сыйлагандар үчүн, ден соолуктун баркына, кадырына жеткендер үчүн ден соолукту чындоочу спорт зал ачылды.
Кашка-Суу айылдык маданият үйүнүн подвалы көп жылдардан бери кароосуз калып, таштанды жайга айланып кеткен. Эми жаштар бул жерди капиталдык ремонттон чыгарып, актап, сырдап эң сонун заманбап спорттук зал ден соолукту чыңдоо борборуна айландырышты. Бул иш үчүн өкмөттөн каражат сураган жок. Каражатты да айылдаштары өздөрү табышты.