19 май 2024

Кароолор: 50

ДЕНИ САК ЭНЕ -ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ

 Президенттин "Инсандын руханий -адеп -ахлактык өнүгүүсү  дене тарбиясы жөнүндөгү" эң алгачкы жарлыгын кубаттоого алуу менен энелердин Түштүк аймактык "Достук энелер лигасы"  спорттук лигасы  түзүлүп анын алкагында үч областтын аймагында волебол оюну боюнча жылсайын "Дени сак эне- дени сак өлкө" чакырыгы менен турнири өтүп келет.

 Бул мелдеш бүгүн берекеси төгүлгөн Аксы жергесинде  ачылды.  Кербен шаар мэриясына караштуу Ак -Дөбө айылындагы Надыр Мамбетов атындагы орто мектептин спорт сарайында салтанттуу ачылуу аземи болду. Оюндун ачылышы менен Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -аким Замирбек Сыдыков спортсмен энелерди "Энелер күнү" майрамы менен чын дилден куттуктап, энелердин көңүлүн көтөрүп, кушубак кылган каалоо тилектерин айтып, мелдештен жеңүүчү болуп кетүүгө чакырды.

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айсара Абдибаева келип, мелдешке ийгилик, энелерге чын ден соолук, узун өмүр каалап, оорубай ар дайым спорт менен болгула, үйдүн чырагы, жардын ынагы, ден соолуктун булагы болгула деген асыл тилектерин билдирип, Жогорку Кеңештин спикери  Нурланбек Шакиевдин атынан   атынан куттуктоосун окуп берип, бүгүнкү спорт майрамын колдоого алып өз фондусунан берип жиберген 100 миң сомдун сертификатын тапшырды. Жаш энелердин жүзүнө кубаныч уялап дүркүрөтө кол чабуу менен ыраазылыктарын билдиришти. 

Андан соң Айсара Абдибаева өзүнүн атынан, Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан Түштүк аймактагы мыкты спортсмендерге "Ыраазычылык каттарды" тапшырды