22 май 2024

Кароолор: 149

ДЕПУТАТ АКСЫДА ИШ САПАРЫ МЕНЕН

Жогорку Кеңешинин депутаты Айсара Абдибаева  жумушчу сапарынын алкагында Аксы районунун райондук администрация сында ооруканадагы дарыгерлердин жетишси здиги, сел кесепеттерин жоюу, жол жээктерин бекемдөө, мектеп курулуштарынын жүрүшү, райондук натариустун ишмердүүлүгү тууралуу бир катар жетекчилер менен жолугушуп баарлашты. Жыйындын жүрүшүндө депутат Айсара Абдибаева ӨКМдин райондук жетекчилигин, ДЭП ишканасынын башчысын жана Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын  селдин кеспеттерин тезирээк четтетүүгө чакырды. 

Ал эми депутат Абдибаеванын демилгеси менен Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Сары-Кашка айылындагы Сали Жоробаев жана Торук айылындагы Абзалбек Сулайманкулов атындагы орто мектептин курулушу боюнча долбоордун сметалык документи чийилип бүткөндүгү белгилүү болду. Маалым болгондой эки мектептин пайдубалын түптөө иштери ушул жылдын август, сентябрь айларында башталмакчы. Иш сапарынын жүрүшүндө эл менен жолугушууларды өткөрүп, социалдык мекеме ишканалардын иштери менен таанышты.