17 ноябрь 2024

Кароолор: 17

ДОБУШ БЕРҮҮ УЮШКАНДЫКТА БАШТАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого добуш бурүү Аксы районунда уюшкандыкта башталды. Райондун аймагында 59 шайлоо участкалары толук шайма -шай даярдыкка келтрилип техкаражаттар менен камсыздал ынган, бардык шайлоо участкалары генератор лор менен камсыз болгон. Бүгүн таңкы саат сегизде Кыргыз Республикасынын гимни ойнолуп бардык 59 шайлоо участоктордо добуш берүү башталды. Ошондой эле интернет байланыштары үзгүлтүксүз иштеп жатат. Кербен шаарында 5 партиянын депутаттыкка талапкер канидаттары 31 мандат үчүн 172 талапкер ат салышууда.     Андан тышкары айыл аймактарды Сары-Челек, Кара -Камыш, Ак-Жол, Ак-Суу, Кош -Дөбө, Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депуттары үчүн бир мандаттуу шайлоо участокторунда 223 депутаттыкка талапкерлер өз талапкерлигин коюшуп эл элегинен өтүүдө. Бүгүн район боюнча 88276 шайлоочу депутаттар үчүн добуш беришмекчи. Шайлоочулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.     Жалан электродук ыкмада добуш берип сатып алууларга бөгөт коюлду. 

        Эртең мененки саат сегизге карата шайлоочулардын агымы арбын болуп шайлоо участокторунда добуш берүү өнөктүгү башталды.