06 май 2024

Кароолор: 30

ДОСТУККА ДАНАКЕР БОЛГОН УЛУУ АДАМ

Ахмеджан Мелибаев Өзбекстан жазуучулар союзунун, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, “Өзбекстанда кызмат көрсөткөн журналист” ардактуу наамынын ээси. Өзбекстандын “Достук” ордени менен (2019), жана “Шухрат” медалы менен сыйланган. 

2018-жылдан баштап “Жахон адабиети” кыргызча которгондо “Дүйнө адабияты” журналынын башкы редактору, жетекчиси. 1998-жылы “Офарин” жана “Олтин калам” жогорку даражалуу сыйлыктарга татыктуу болгон. Өзбекстан жазуучулар союзунун адабий публицистика кеңешинин төрагасы.Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Академиясынын мүчөсү. Мирзо Улукбек атындагы Өзбекстан жогорку университетинде уюшулган  “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” илимий борборунун жетекчиси. “Өзбек стан-Кыргызстан” достук коомунун кеңешинин мүчөсү.

Өзбекстан жана Кыргызстан элинин достук, бир туугандык, адабия-мадний байланыштарын чыңдоо до кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын бир катар сыйлыктарына татыктуу болгон. Атап айтканда Чыңгыз Айтматов фодунун алтын медалы, “Достук” жана “Түрк биримдиги” төш белгилери менен сыйланууга татыктуу болгон.

Чыңгыз Айтматовдун публицистикалык макалаларын, Султан Раев, Акбар Рыскулов, Абдымомун Калбаев сыяктуу Кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын Өзбек тилине которуп чыгарган.