18 декабрь 2024

Кароолор: 30

ЭЛ МЕНЕН МЭР ЖОЛУКТУ

Кербен шаарынын мэри Эрнист Зияйдинов, вице-мэр Эдилбек Эрмаматов, Кербен шаардык Кеңештин төрагасы Азамат Базарбаев жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Кербен шаар мэриясына караштуу Кашка-Суу, Туюк-Жар, Кара-Башат, Тосту, Жаңы-Айыл, Өлөң-Булак, Чарбак, Сөгөт,Кара-Төбө айылдарынын жашоочулары менен жолугушуу иш-чарасы  өткөрүлдү.  Шаар мэриясы тарабынан аткарылып жаткан иштер,  ошондой эле 2025-жылга карата келечектеги долбоорлор талкууланды. Эл тарабынан айтылган сунуштар кабыл алынып, протоколдоштурулду.  Буйруса 2025- жылы чоң долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.