13 январь 2025

Кароолор: 26

ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАР ӨТҮҮДӨ

Кербен шаарынын мэри Эрнист  Зияйдинов, Кербен шаардык Кеңештин төрагасы Азамат Базарбаев, вице-мэр  жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Кербен шаарынын Жерге-Тал, Боспиек, Кызыл-Капчыгай айылдарынын жашоочулары менен жолугушуу иш-чарасы  өткөрүлдү.  Шаар мэриясы тарабынан аткарылып жаткан иштер,  ошондой эле 2025-жылга карата келечектеги долбоорлор талкууланды.Эл тарабынан айтылган сунуштар кабыл алынып, протоколдоштурулду. Ошондой эле 2024-жылы жасалган жумуштар боюнча эл тарабынан ыраазычылыктар  айтылды.