10 январь 2025

Кароолор: 38

ЭЛ СҮРӨТЧҮСҮ ТУУРАЛУУ ФИЛЬМ “ШЫБАГА”

“Шыбага”.- КРнын Эл сүрөтчүсү Асан Турсункуловдун бейнесин чагылдырган даректүү фильмдин премьерасына болду. Жылдап текчеде туруп калган телефильмдерден айырмаланып, жандуу, образдуу, көркөм, маңыздуу фильм тартылды.   УТРК пландаган элдик инсандардын бейнесине арналган фильмдер сериясынын ичинен бул фильм мыктысы жана алдыңкысы  болгондугун көргөндөр белгилешти. Анткени каарман өзү абдан кызыктуу, эмгек жолу, жашоо образы, жаратмандыгы менен казса түгөнбөс, көрсөң көз тойбос,  укмуштуудай  материалдын ээси.

 Чыгармачылыгы менен ар бир чыгармасы тарыхка айланып калган, аман болсо дагы да тарых жарата берчү өз өлкөсүнүн өжөр, кайраттуу, таланттуу уулу. Нечен жылдап топтолгон бай казынанын, анын дээрлик көпчүлүгүн качан эле элдик казынага өткөрүп берген чебер, керемет эмгектердин автору. “ Үй-бүлөлүк бюджетке чейин кирип, үйдөгүлөрүмдү далай кыйнадым, көп жыл үйсүз жүрдүк”, “ Менде ишемби, жекшемби деген жок, 2 күн оорусам, жер муштап туруп кетем” деген сүрөтчүнүн турпатында эмне деген баатырдык, эл- журт алдында, келечекке карата болгон жоопкерчилик, өзү эле моюнуна артынып алган жеке милдеттенмени көрбөй койбойсуң. Өмүрүн, жашоосун, ден соолугун, жакындарынын кызыкчылыгын, керек болсо  муктаждыгын садага чаап, кыргыз дегенде ичкен ашын унуткан сүрөтчү эл үчүн иштеди, элдик боло алды.