04 декабрь 2024

Кароолор: 18

ЭЛЕКТР МАМЫЛАРЫ ТАРТЫЛУУДА

Аксы Кош-Дөбө айыл аймагы сууга таңсык аймактардын бири, кеңирсип жаткан кенен талаалар суу жетпей камгак баскан аяттар көп, айыл өкмөтү дың жерлерди суу менен камсыз кылуунун аракетин көрүп келет. Жер бургулар суу чыгаруучу автомашинаны шаймандары менен сатып алган. Бул демилгени АРИС программасы да колдоого алып 6 электр трансформаторлорду, 40 тан ашык электр чубалгылары тартылуучу мамыларды сатып алып берген. Учурда жазгы суугат мезгилине эгин талааларына суу чыгаруу  үчүн  электр кубатын жеткирүү аракеттер көрүлүп мамылар тартылып жатат. Буйруса келе жаткан жылда дыйкандар суугат сууга таңсыктыгы кыйла кыскарып, арбын түшүм алат деген тилекте туралы.