16 июнь 2024

Кароолор: 64

ЭЛИМ ДЕП ЖАШАГАН ЭСТҮҮ КЫЗДАР

            Бишкек шаарында жашап эмгектенген Аксынын асыл кыздары "Аксы асыл зат айымдары" тобун түзүп, топтун кыздары атайын кайрымдуулук фондусун уюштуруп, ошол фонддун эсебинен бир топ кайрымдуулук иштерди жасап келишет. "Аксы асыл зат айымдары" тобуна Аселкан Коңгантиева, Гүлзада Абдырахманова, Айымжамал Эгембердиева, Шаарбү Рустемова, Айнагүл Мырзакеева , Элмира Эгембердиева, Анара Курманова, Насиба Ташибекова сыяктуу кыздар топтолуп негиздешкен. Үстүбүздөгү жылдын орозо айында ооз ачар катары көп балалуу, жалгыз бой энелерге, тумуш шарты оор 100 үй бүлөгө азык-түлүк белектерин тапшырып, ооз ачар өткөрүшкөн. Элибиздин батасын алып кетишкен эле.

 Бүгүн белгиленип жаткан Курман айт майрамына карата аталган топтун кыздары мал алып келип союшуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, аларды багып жаткан энелерге эт, азык- түлүк, мөмө жемиштер салынган пакеттерди 100 үй-бүлөгө таркатышты. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар райондун борборуна келе албагандыктан 6 айыл аймактан соцадисттер келишип, белектерди алып кетишип жер жерлерде 60 үй-бүлөгө таркатышып беришти. Кербен шаардык мэриясынын аймагындагылар мэриянын жыйындар залына топтолуп ошол жерде кубандыкка деген белектерин беришти. Майып балдарды баккан энелер кубанычтарын жашыра алышпай айрымдары көз жаштарын да сүртүп алышты, ак баталарын беришти, каалоо тилектерин айтышып  "Аксы асыл зат айымдары" тобунун кыздарына  жакшылыктарды каалашты.