22 май 2024

Кароолор: 32

ЭНЕЛЕР МАЙРАМЫ УЛАНУУДА

Аксы районунда энелерге, кыз келиндерге Энелер күнүнө  карата сый көрсөтүу уланууда. Бүгүн Уч-Коргон айыл аймагында Энелердин майрам күнү белгиленип, аларга сый урматтар көрсөтүлүп, белектер берилип, концерттик номерлер тартууланды. Энелердин коомдогу ролун, эмгегин өзгөчө баса белгилөө менен айыл өкмөт башчысы Маматысак Жапаров куттуктап, энелерге чың ден соолук узун өмүр каалады. Бүгүнкү салтанатка айыл аймагынын бардык айылдарынан энелер келип катышып, ыраазы чылыктарын билдирип, курсантчылык менен кетишти.