28 октябрь 2024

Кароолор: 15

ЭСКИ ЖАЙЛАР ЖАҢЫРЫП, АЙЫЛДА КҮНДӨ ЖАҢЫЛЫК

 Аксы районунун  Кербен шаарына караштуу Жерге-Тал  айылындагы Мухтаров Турсун атындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонт    иштери аяктап пайдаланууга берүү алдында турат. Маданият үйү ички тышкы ремонту, көрүүчү залы, ал түгүл короосу менен толук жаңыланды. Тарпы чыккан эски эмеректери бүт алынып жаңы эмеркетр менен жабдылды. Маданият үйүнүн ремонтуна респулбикалык түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 миллион 900 ми н сом каражат каралып, иш башталган. Курулуш иштери архитек туралык талаптарга ылайык жана сапаттуу аткарылып жаткандыгын мындагылар билдиришти.

Ал эми райондун аймагындагы Ак-Жол айыл аймагында эки кабаттуу заманбап маданият үйүнүн жаңы имараты да быйылкы жылда пайдалданууга берилмекчи.