17 май 2024

Кароолор: 239

ИЙГИЛИК -АРАКЕТТЕН ЖАРАЛАТ

 "2026- жылга чейинКыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын" ишке ашыруунун алкагында аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү максатында "Социалдык келишим программасы" ишке киргизилген. Аталган долбоор бүгүнкү күндө жакырчылыктан чыгуунун таянычы, ишенимдүү өзөгү болуп калды десек болот. 

Аксы районунда Кыргыз республикасынын министрлер кабинетинин "Социалдык контрактын негизинде социалдык жарда берүү жөнүндөгү" токтомун аткарууга алып өткөн жылы Аксы районундагы Кербен шаардык мэриясында 65 жаранга социалдык контрактын негизинде каражат берилип,   өз ара келишим түзүлгөн. Мына ушундай каражатты Кербен шаардык мэриясына караштуу  Ак-Дөбө айылынын тургуну Айнура Базарбаева да алган. Жалгыз бой эне болгондуктан үч баласын багууда бир топ кыйналып келген, эми Айсара турмушун оңдоп, балдарын багып, көп ийгиликтерге жетишип жатканын айтат. 

Айнура алган 100 миңге тигүү машинасын, материал сатып алган. Андан сырткары там артындагы бакчасына алма, кара өрүк, кожогат өстүрүүгө көчөттөрдү да сатып алып, турмуш шартын оңдоп жаткан учуру. 

Энелер күнү майрамына карата өткөрүлүп жаткан көргөзмөгө Айнура өз колу менен тиккен буюмдарын алып келген. Көргөзмөдө Айнуранын чеберчилигине кызыккандар арбын болду.  Эми тапкан кирешенин эсебинен тигүү цехин дагы кеңейтсем деген ниети бар. Ошону менен эле дагы айылда бош жүргөн келин кыздарды катарына тартып иш менен камсыз кылсам деген аракеттери бар экенин айтат. 

Азырынча кыздары гана жардам берип, апасын колдоого алып келишет, алар жаш болгондуктан өз алдынча иштеп кетише элек. Дагы көп көргөзмөлөргө, конкурсттарга катышуу Айнуранын максаты.  Энелер күнүнө майрамдык салтанатка келгендер Айнурага ак баталарын беришип,ийгиликтерди каалашты.