01 ноябрь 2024
Кароолор: 21
ИЙГИЛИКТЕР МЕНЕН КАТАР КӨЙГӨЙЛӨР ДА АЙТЫЛДЫ

Бүгүн Аксы райондук администрациясында өзгөчө иш чара менен администрациянын кезектеги коллегиясы болуп өттү. Коллегиянын алдында Аксы райондук суу чарба башкармасына Президенттин тапшырган жаңы техникалары келип, аны тааныштыруу аземи болуп өттү. Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков жетектеген райондогу айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчи лери жаңы техникалар менен таанышып чыгышты. Районго заманбап, үстүбүздөгү жылда заводдон жаңы чыккан бир эсковатор, бир бетон даярдоочу техника, бир бульдезор, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына жол тандабаз кызматтык автомашинаны тааныштырып, ийгилликтерди каалады. Ошондой эле коллегиянын алдында мыкты иштеген азаматтарга Ардак грамоталар, төш белгилер тапшырылды. Алардын катарында Үч-Коргон айыл аймагындагы Николай Иосифович Мешков атындагы орто мектептин окуучусу Аймээрим Абдиллаева УТРК тарабынан өткөрүлгөн “ТАЛАНТ ШОУ” долбоорунда эң мыкты 10 катышуучунун катарына кирип, 100 миң сом байгеге ээ болду. Аймээримдин бир ырына клип тарттыруу менен жаздыруу бекер боло турган брлду. Аймээримге акимдин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Андан соң Аксы райондук администрация сынын коллегиясы өз ишин улантты. Коллегия нын күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча "Аксы районунун эл чарба тармактарында 2024-жылдын өткөн 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылган иштеринин жыйынтыгы боюнча" акимдин биринчии орун басары Бердалы Мырзагулов баяндама жасады. Баяндамачы белгилегендей быйылкы жылда дыйкан фермерлер мол азык- түлүк өндүрүп алууга жетишип, жетишилген түшүмдү коромжусуз жыйнап алууга жетишти. Анын ичинде үрөөнчүлүк жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүдө чоң ийликтер жаралган. Айыл чарбасындагы алгылыктуу иштер өткөн жылдан бир топ алга жылуулар болгон. Быйыл 2 спорт комплекс, бир мал союучу жай, бир жеке менчик оорукана, Барпы каналы, бир орто мектеп курулуп бүтүп пайдаланууга берилген Ал эми 5 орто мектептин курулушу 1 балдар бакчасынын 3 ФАПтын, 2 спорт комплексинин , 2 чакан ГЭСтин курулушу учурда жүрүп жатат. 1614 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Коллегияда социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында акимдин орун басары Айсалкын Салиева баяндама жасап жетишилген ийгиликтер менен айрым кемчиликтерге токтолду. Коллегияда күн тартибиндеги маселелер боюнча токтомдор кабыл алынды.