12 июнь 2024

Кароолор: 29

ИЛДЕТТИН АЛДЫН АЛУУДА

Аксы районундагы Аксы токой чарбасынын токойчулары Ак-Жол айыл өкмөтү менен бигеликте дарылоо иштерин жүргүзу жатышат. Анткени курт баскан аймак   Ак-Жол айыл аймагынын территориясынан катталган. Токойчулар алдын алуу максатында жардамга келишкен. Токойчулардын берген маалыматына караганда курт баскан аймактарды “Актарофит-!,8” перепараты менен дарылашууда. Бүгүнкү күнгө чейин 60 гектардан ашык аянт дарыланды. Дарылоо иши Тегене айылында улантылууда. Токойчулар бил илдет токой чарбаныны аймагына өтүп кетүу коркунучунун да алдын алышууда деп билдирди токой чарбанынын  директору Жалынбек Алыбаев. Ак-Жол айыл аймагынын аймагынан токой массивдерин курт жеп долоно, алча, алмаларды жалаңачтап жатканы  Аксы токой чарбасынын токойчуларына белгилүү болгон.  Алар мындай жерлерди аныктап, алдын алуу иштерине даярданып жатышкан. Күндүн жаанчыл болушунанбы, же кургакчылыктанбы айтар токой өсүмдүктөрү жабыркай  баштаган. Учурда Аксы токой чарбасынын, Ак-Жол айыл аймагынын  кызматкерлеринин чоң аракети менен Күрп-Сай, Кой-Таш токой массивдери дарыланып, бүттү. Учурда Тегене аймагындагы токой массивдери дарыланууда.     Бул иш токтобойт дагы улантыла бермекчи. Учурда Тегене айылынын Чалк-Өйдө участкасынындагы токой массивдери дарыланууда.