01 ноябрь 2024

Кароолор: 18

ИНДИЯДАН КЕЛГЕН АЛТЫН МЕДАЛ

Бүгүн бизде кош майрам десем болот. Индия мамлекетинин Мумбай шаарында 2024-жылдын 19-октябрдан 27-октябрына чейин өткөн Азия чемпионатында  армреслинг (кол күрөш) боюнча Аксы районунун, Сары-Челек айыл өкмөтүнүн, Авлетим айылынын кулуну Шабдан Нуркамал уулу 1-орунду ээлеп, мекенибизге алтын медаль белек кылды.

Аксы районунун мамлекеттик администра ция - башчысы аким З. Сыдыков Нуркамал уулу Шабданга спортто зор жетишкен ийгиликтери үчүн Аксы райондук мамлекеттик администр ациясынын Ардак грамотасын тапшырды. Мындан ары да спортто көп ийгиликтерге жетишүүнү каалап кетти. 

Дүйнөнү дүңгүрөтуп, Кыргыз Респуб ликасынын желегин  желбиретип, гимнди ааламга жаңыртып жаткан  Шабдандай жигиттерибиз дин жолун жолдогон жигиттер көп болсун.