12 сентябрь 2024
Кароолор: 54
ИШКЕР КЫЗДАР-БИЛИМ БЕРҮҮНҮ КОЛДОДУ

Бишкек шаарында жашап, иштеп жаткан кыз-келиндерибиз киндик каны тамган кичи мекени Аксыны унутушпай ар дайым жардам колун сунуп, эли журту үчүн күйүп жанып, колунда барын тартуулап жардам берип келе жатканы бул элибиздин сыймыгы кубанычы, күч-кубаты, бактысы десек аша чапкандык болбойт. Колунда миллион сомдору бар адамдар мекенине бир тыйын жардамы жок, кайра элди тоноп-талап жеп кетишип жер чапчып жүрүшпөйбү. Асыл кыздарыбызды кудай аман кылсын, ар кандай кырсыктан, суук көздөн сактасын. Алар он төрт кыз-"Аксы асыл зат айымдары" фондусун түзүп, ошол фондого өз салымдарын кошуп, анан элине жардам берип, өйдөдө өбөк, ылдыда жөлөк болуп келишет.
Мындай демилгени алгач Аселкан Конгайтиева баштаган. Аселкан Кош-Дөбө айылындагы өзү окуган Темикул Мавлянов атындагы орто мектепке үч жылдын ичинде бир компьютердик класс кабинет, окуучуларга жетишпей жаткан китептерден 400 китеп, бир эс алуу аллеясын, эс алуу багынын ичине маектешип, эс алып олтуруучу айбанча куруп берип чон көмөк көрсөткөн, бул Аселкан берген жардамдардын негизгилери эле.
Быйылкы жылдын орозо айында аталган фонддун айымдары турмуш-шарты оор болуп жаткан 100 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын беришсе, андан кийин 100 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга азык-түлүк жардамын көрсөтүштү. Жаңы окуу жылынын башталышы да кыздарыбызды ойлондурбай койгон жок, Мамыт Абылкасымов атындагы Аксы райондук элге билим берүү бөлүмүнүн адистери менен акылдашып учурда мектептерде жетишпей жаткан окуу китептерин таап, сатып алышып, районго 1039 китеп жөнөтүштү. Китептер райондук билим берүү бөлүмүнө келип түштү. Азыр мектептерге "Аксы асыл зат айымдары" деген эн тамгасы бар китептер мектептерге акысыз, белек катары таркатылып жатат. Алар китеп менен эле чектелип калбастан турмуш шарты оор ата- энелердин жана ата- энеден эрте ажыраган балдар үчүн мектепке ылайыктуу форма кийимдерди да жөнөтүшкөн.
Кыздардын бул билим берүүгө салып жаткан инвестициясы-Аксынын келечегине салып жаткан инвестиция деп ишенимдүү айтууга болот. Албетте мындай асыл кыз-келиндерибиздин ысымдарын сыймыктануу менен атап коюу ашыкчалык кылбайт, алар Аселкан Конгайтиева, Гүльсина Абдырах манова, Айымжамал Эгембердиева, Шаарбү Үрүстемова, Айнагүл Мырзакеева, Элмира Эгембердиева, Анара Кутманова, Насиба Ташибекова, Айчүрөк, Калыкова, Бактыгүл Дайырбекова, Назик Рысалиева, Нурийла Мырсалиева, Нурайым Самарбекова. Мына ушул аты аталган кыздарыбызга чын ден соолук, иштерине ийгилик каалап, кудай оомат, кут-береке берсин деп тилек кылалы. Бар болгула Аксынын асыл кыздары.