27 сентябрь 2024

Кароолор: 45

ИШКЕРЛЕРДИН ИШИН ИЛГЕРИЛЕТИП

Бүгүн Аксы райондук мамлекеттик администрация сынын жыйындар залында ишкерлер менен  жыйын болуп, райондун аймагынада айыл чарбасын, өнөр жайын мындан ары өнүктүү багытында кеңир пикир алышуу болду. Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Аксы райондук  агрардык өнүктүруу башкармалыгынын башчысы Таалайбек Саматов баяндама жасап, айыл чарбасындагы ийгиликтерге токтолду. Башкасын айтпаганда да өткөн жылы 187 тонна   үрөнүдөр, анын ичинен 139 тонна буудай, 37 тонна арпа, 10 тонна софлердун сапаттуу жогорку кондициядагы үрөндөрү таркатылып берилген. Райондо андан сырткары кулпунайдын,кожогаттын, бүлдүркөндүн жогорку түшүмү жыйналып алынып бул багыта өсүштөр жакшы болуп жаткандыгын белгиледи.  Жашылча-жемиштин бул түрлөрүн өстүрүү аянттары жыл сайын кеңейип бара жатат. Жайыт үрөндөрү себилүүдө. Учурда 2  тонна жайыт үрөндөрү келген, жакын арада себүү иштери башталат. Өткөн жылы 5 даана, быйылкы жылда 4 даана айыл чарба техникалары берилди.

        

        Ошондой эле жыйында ишкерлерди колдоо, мыйзамсыз текшерүүлөрдү токтотуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу Аксы районунун прокурору Мирлан Сооронкулов кеңири айтып берип, бир дагы мыйзамсыз текшерүүлөр болбогондугун белгиледи, өз кезегинде ишкерлер да ыраазычы лыктар билдирди. Ишкерлер тарабынана салык төлөө иштери да жолго коюлуп келе жаткандыгын Салык инспекциясынын башчысы Сүйүнбек Эргешов  белгиленди. 

Жыйында районду өнүктүрүүнүн келечек пландары трууралуу райондук акими Замирбек Сыдыков баяндама жасады.

        Жыйындын акырында мыкты ишкерлерге Аксы райондук мамалекеттик администрациясынын Ардак Грамоталары, Ардактуу атуул наамдары тапшырылды.