22 декабрь 2024

Кароолор: 13

КАЙРЫМДУУЛУК ИШ ЧАРАСЫ ӨТТҮ

Аксы районунун Кербен шаар мэриясына караштуу   Кара-Төбө айылындагы   Биймырза Айтматов атындагы   орто мектебинде  Мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарыбызды коргоо күнүнө карата "Биз баарыбыз бирдейбиз, боорукербиз» деген темада марафон  өткөрүлүп, ага Кара-Төбө жана Сөгөт айылдарынан боорукер инсандарды катышты.  Андан сырткары Кербен шаарынын жеке ишкер айымдары, бир туугандар Алмаш, Асел Үрүстемовалар   да өз жардамдарын беришти.Түшкөн каражатка  20   окуучуга кышкы кийим - кече алынып берилди. Боорукер инсандарга мектеп жамааты ыраазычылык билдирди!