04 октябрь 2024
Кароолор: 28
КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛДИ

Жакында, көптөн бери каралбай калган Кербен шаарындагы Ооган согушунда курман болгон жоокерлерге арналып коюлган эстеликтин постаменти реставрацияланып, эстелик ордуна кайра коюлду. Бул эстеликтин постаментин авган согушунун ардагерлери
Исмаил Усубалиев, Тургунбек Боронбаев, Артыгалы Тургунов жана Баткен согушунун ардагерлеринин кеңешинин төрагасы Түгөлбай Өмүралиев өздөрү демилге көтөрүшүп, постаментти бузуп, кайрадан куруп, эстеликти ордуна коюшту.
Бул эстелик, жаштарга интернационалдык-патриоттук тарбия берууго чон оболго болот деп эсептейбиз. Жогоруда аты аталган ардагерлерге согуштагы эрдиктери учун, ушул аткарган соопчулук иши учун биз, терен ыраазылык билдиребиз.
Сиздерге, озунорго бекем ден-соолук, кажыбас кайрат, күч-кубат, арчадай өмүр, куунак көңүл, тынччылык, аманчылык, кут береке, таалай жамааты нарга ынтымак-биримдик, неберелеринерге жаркын келечек каалайбыз! Бар болгула ООган согушунун ардагерлери.