20 июль 2024

Кароолор: 17

КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛҮҮДӨ

Кечээги нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Кербен шаарына караган Тосту, Чарбак айылдарында сел жүргөн. Тосту айылындагы арыкка чогулган суу өз нугунан чыгып , участкаларды суу каптаган. Бүгүн Кербен Тазалык жана Көрктөндүрүү ишканасы тарабынан оңдоо- түзөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Ошондой эле Ак-Сайдан жана Көз-Булакка чейинки сайдан аккан сел жолду бөгөп калган. Жол тазаланып, толугу менен ачылды. Чарбак айылынын жолу да тегизделди.