05 декабрь 2024

Кароолор: 13

КАНАЛ КАЛЫБЫНА КЕЛЕТ, КОРОМЖУСУЗ СУУ БЕРЕТ

Аксы райондук Суу Чарба башкармалыгына караштуу Кош-Дөбө айыл  аймагында жайгашкан «XX-Партсъезд » каналынын ПК 65/15, ПК 72/56, ПК 65/14 жана ПК 72/56 бөлүктөрүндө тазалоо жумуштары жүрүп жатат.

 Быйылкы күздө жамгырдын көп жаагандыгынан канал жээктерин жууп кеткен, андыкьан канал жээктерин бекемдеп, жазгы суугат ишине даярдоо иши кыш күндөрү башталып,, ар бир ачык күн натыйжалуу иш менен коштолууда. Суу чарба башкармалыгынын  жумушчулары атайын багыттагы техникалар менен камсыздалган. Белгилеп кетсек «XX-Партсьезд » каналы 1957-жылы пайдаланууга берилип, жалпы 1729 гектар жерди суугат суу менен камсыздайт. Быйылкы жылда каналдын дээрлик барык жери капиталдык ремонттон чыгат. Бул тууралуу суу чарба башкарма лыгынын жетекчилигинен билдиришти.