06 июнь 2024
Кароолор: 18
КАНАЛ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛҮҮДӨ

Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагы суугат сууга өтө таңсык айыл. Тамчы суунун баасы алтынга тете болуп кеткен учурлар көп болот. Мундуз сайынан келген суугат суунун каналы мында отуз жылдай мурда бетондолгон эле, учурда бузулуп, суунун ыксыз жоготуулары көбөйүп, эгин аянттарына келгенге чейин эле азайыв кетип жаткандыктан айыл өкмөтүнүн ьашчысы Улукбек Керимкуловдун колдоосу менен канал кайрадан капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүп бүтүп жатат. Бул ишке Токтогул, Жаңгак, Сары-Кашка айылдарынан эл чыгып ремонттолуп бүтүп жатат. Мундуз каналынан айыл аймактын беш айылынын эли суугат суу алат.