16 ноябрь 2024

Кароолор: 18

КАРА-ЖЫГАЧ- САРЫ-ЧЕЛЕК ЖОЛУН КӨРДҮ

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кара-Жыгач - Сары-Челек унаа жолунун курулушу менен таанышты. 

Эскерте кетсек, Сары-Челек биосфералык коругуна алып барган аталган жолду оңдоо маселеси Төрага Нурланбек Шакиев парламенттик шайлоого аттанып жаткан учурда жергиликтүү эл тарабынан айтылган. Натыйжада Төрага демилге көтөрүп, Президенттин жардамы менен 20,2 чакырымды түзгөн жолду жаңылоо иштери башталган. Бүгүнкү күнгө чейин 6 чакырымына асфальт төшөлдү. Калган бөлүгүндөгү иштер аба ырайына байланышкан жагдайлардан улам кечеңдеп, бирок кийинки жылы толугу менен бүткөрүлөрү күтүлүүдө.