14 октябрь 2024
Кароолор: 12
КАРООСУЗ КАЛГАН ЖАЙГА ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ

Аксы районундагы Сары-Челек айыл аймагынын Байгашка-Терек айылында эски адисттер имарат кароосуз калган эле. Айыл өкмөтү менен депутаттар бул жайды колго алып, райондук өнүктүрүү фондусуна проек жазып, андан 1 миллион 700 мин сом каражат бөлдүрү палышып, аталган жайды ремонттоп, ишки киргизди. Бул жерге 580 мин сомго тигүү машиналарын сатып келип эми чакан цех ачылып 4 адам жумуш менен камсыз болуп, айыл тургундарынын буйрутмаларды алып иш башташты. Имараттын электрдик монтаждоо иштерине айыл өкмөтү жергиликтүу бюджеттин эсебинен30 мин сом каржат бөлүп бардык шартын түзүп берди. Мындай иштердин аткарылышына айылдын тургуну Нурмырза Абдрамановдун аракети жана колдоосу үчүн айыл тургундары ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
Эми бул имаратта ФАП жана айылдык чакан китепкана да иштей баштады. Кыскасын айтканда чалдыбары чыккан эски имарат эми айылдын маданий борборуна айланып калды.