08 октябрь 2024
Кароолор: 24
КАРЫЛАРГА СЫЙ- УРМАТ УЛАНУУДА

Аксы районундагы Кербен шаардык мэриясы Кашка-Суу айылындагы мэрияга караштуу “Бакыт үйүндө” мэриянын аймагындагы Жерге-Тал, Кашка-Суу жана Кербен шаарынын аймагынан карыяларды чакырып, карылар күнүнө карата сый-тамак уюштуруп, чай берип, батасын алышты. Карыларды майрамы менен Кербен шаарынын мэри Эрнист Зияйдинов, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Замирбек Сыдыков, Аксы райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыкайым Өмүрбеков, Жерге-Тал айылынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Мырзабек Канаев, Кербен шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Эркин Сатаев, эмгектин ардагерлери Кеңеш Ибраимов, Жакшыбек Жумабаев жана башкалар чыгып сүйлөшүп каалоо тилектерин айтышты. Мэрге жана мэриянын аппаратына ыраачызыктарды билдиришти. Салтанатты мэриянын алдындагы өздүк көркөм чыгармачылык үйүнүн таланттары чоң прогрммадагы концерт менен шаңына чыгарышты. Карыялардын элге кылган кызматтары айтылды.