02 октябрь 2024

Кароолор: 18

КАРЫЯЛАРГА СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛҮҮДӨ

1-Октябрь улгайган адамдардын майрам күнү. Бул датага карата райондогу айыл аймактарда карыяларга сый-урматтар көрсөтүлүп, сый-тамактар берилип, акчалай жардамдар менен белектер берилди. Андан сырткары жашы 90 дон өткөн аталарга акысыз отун көмүр менен камсыздоо да айрым айыл өкмөттөрдө улантылып жатат.

        Карылар күнүн белгилөө Үч-Коргон, Көш-Дөбө жана Сары-Челек айыл аймактарында өзгөчө шаң менен өттү. Аталган айыл аймактарда карыялар үчүн атайын концерттик программалар да тартууланды.