21 октябрь 2024
Кароолор: 25
КЕЧ БОЛСО ДА КАРКЫРАЛАР КЕЛИШТИ

Жүрөк жылыткан, бир окуганда эле көнүлгө кыт куйгандай уялап калган, жеңил, элпек, лирикалуу ырлары менен адамды өзүнө тартып алган акын кызыбыз Гүлнара Мырзаеванын жаңы китеби жарыкка чыгыптыр деген кабар аксылык ыр ышкыбоздоруна чагылгандай эле тез тарады. Акын кызыбыз жаңы чыккан китебин колуна алып барактаай электе эле жылуу пикирлер, каалоо тилектер аныны жан чөнтөктө жүргөн чакан телефонуна келе баштады. Акын Гүлнара Мырзаева жазуучулар союзуна али мүчөлүккө өтө элек, бирок акын катары интернет сайтарынан Кыргызстандагы ыр ышкыбоздоруна таанылып калган десек ашыкчалык кылбайт. Бүгүн Аксылык акын кызыбыздын үчүнчү китеби “Кеч келген каркыралар” деген ат менен жарыкка чыкты.
Гүлнара Мырзаева-1952-жылы (ал кездеги Жаңы-Жол) Азыркы Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагына караштуу Теген айылында төрөлгөн. Орто билимдүү. Айылдык китепканада көп жылдар боюу китепканачы болуп эмгектенген. “Ыр дептерим-ак кептерим” аттуу ырлар жыйнагынын автору. 2 уул, 4 кыздын энеси. Поэзия айдыңына кеч келсе да, кереметтүу ырларды жаратып, акындык сапарда өз жолун, өз үнүн, өз багытын аныктап алган акын катары билбеиз. А түгүл бир нече конкурстарга катышып, баалуу сыйлыктарды жеңип алып, ырларына обон жазылып ырдала баштагандыгы эле, акын кызыбыздын дараметин айгинелеп турат. Эмес кеч келсе да Тегенеге каркыралуу саптары менен Каркыралардын келиши менен акын Гүлнара Мырзаеваны да куттуктап, чыгармачылык ийгилиткреди каалайбыз. Жакшы ырларыңыз окурмандарыңыздын жан азыгы боло берсин.